ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК МЕДИАЭКСПЕРТТЕРДИН КАТЫШУУСУНДАГЫ
III ИНДУСТРИАЛДЫК ФОРУМ

Кыргызстандын медиа коомчулугу биринчи жолу 25-29-апрелде онлайн режимде чогулуп, «Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык форумунун алкагында тармактын өнүгүүсүнүн акыркы дүйнөлүк жана жергиликтүү тренддерин талкууламакчы.

Бул жылы «Медиа топтоо» дүйнөлүк жана улуттук ММКлар ылайыкташкан жаңы форматта өтөт.

Кыргызстан бүткүл дүйнө сыяктуу эле коронавирус пандемиясы жараткан социалдык-экономикалык туруксуздукка туш болду. Биз обочолонтулган абалда болууга аргасызбыз, бирок ар бирибиз башыбызга түшкөн кризистен чыгуу жолун табууда өз салымыбызды кошо алмакчыбыз.

Так ушу күндөрү кесипкөй коомчулукту онлайн аянтчага чогултуп, COVID-19га байланыштуу жана андан тышкаркы актуалдуу дүйнөлүк жана жергиликтүү чакырыктарды, тармактын өнүгүү тренддерин талкуулоо маанилүү келет.

«Топтоо» - бул жыйноо, чогултуу дегенди билдирген сонун кыргыз сөзү. «Медиа топтоо» - бул Кыргызстанда сапаттуу, өз алдынча жана заманбап медианы өнүктүрүүнү каалаган тилектеш адамдардын жыйыны.

Форум «Медиа топтоо» - бул кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, кызматташуунун жаңы жолдорун издөөгө жана глобалдуу чакырыктарга жооп издөөгө арналган ачык кесипкөй аянтча.

«Медиа топтоо» өлкөнүн медиа чөйрөсүндөгү масштабдуу окуя бойдон калууда. 2018-жылдан тартып КРдагы Интерньюс USAID-дин жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда үчүнчү жолу бул форумду өткөрүүдө.

Коронавирус пандемиясы – бүтүн адамзаты үчүн ири чакырык. Көптөгөн өлкөлөрдө, Кыргызстанды кошо алганда, жарнак рынокторунун кулашы орун алып, редакцияларды кыскарып же жабылууга мажбур болууда. Башка жагынан алганда, биз медиа аудиторияларынын аябагандай өсүүсүн, сапаттуу жаңылыктарга жана окутуу контенттерине болуп көрбөгөн сурамды байкап жатабыз.

Темалары:

  • Глобалдуу коркунуч алдында биз кандайча бириктик?
  • Азыр эмнени өзгөртүп, келечекти кандайча пландаштыруу керек?
  • Редакциялар кандайча командаларын сактап калып, туруктуулукту камсыздай алышат?
  • Тасманы кандайча арзан, тез жана жөнөкөй жол менен жасоого болот?
  • Эмне үчүн балдар контенти мынчалык актуалдуу келет?

Катышуучулары:

  • ММК кызматкерлери;
  • медиаменеджерлер;
  • SMM- жана PR-адистер;
  • медиауюмдар;
  • маркетинг жана жарнак өкүлдөрү.

Форматы:онлайн-презентациялар жана панелдик талкуулоолор.

«Медиа топтоо – 2020» негизги спикерлери:

Регина Юркина, Никита Белоголовцев, Жанна Шегай, Родион Скрябин, Александр Уржанов, Асель Оторбаева, Арсений Ашомко, Бектур Искендер, Дмитрий Голубовский, Равшан Личаню, Александр Шкаровский, Жайнак Усен, Елена Нечаева. ​

Подробнее...
ЖҮГҮРТМӨСҮ

УБАКЫТЫ: 15:00 - 16:30 (GMT+6 Бишкек)

ПАНЕЛДИК ТАЛКУУЛОО: "COVID-19: Кыргызстандагы медиа эмне болууда"

СПИКЕРЛЕР: Бектур Искендер, Дина Маслова, Елена Нечаева, Жайнак Усен уулу, Махинур Ниязова, Равшан Личаню

МОДЕРАТОРУ: Элина Каракулова



УБАКЫТЫ: 16:45 - 18:00 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "COVID-19 маалында медиалар кандайча иш алып барууда: эл аралык тажрыйба."

СПИКЕР: Регина Юркина

МОДЕРАТОРУ: Элина Каракулова

УБАКЫТЫ: 15:00 - 16:30 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "Адамдарга чыныгы кызык болгон онлайн контентти кандайча жасоого болот."

СПИКЕР: Никита Белоголовцев 

МОДЕРАТОРУ: Эркин Рыскулбеков



УБАКЫТЫ: 16:45 - 18:00 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "КРнын 47% аудиториясы үчүн контентти кандайча түзүү керек: көңүл чордонунда балдар."

СПИКЕР: Жанна Шегай

МОДЕРАТОРУ: Эркин Рыскулбеков

УБАКЫТЫ: 15:00 - 16:30 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "2020-жылы нативдүү жарнак: татаал туурасында жөнөкөй сөздөр менен"

СПИКЕР: Родион Скрябин

МОДЕРАТОРУ: Азиза Раимбердиева



УБАКЫТЫ: 16:45 - 18:00 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "Тасманы кандайча арзан, тез жана жөнөкөй жол менен жасоого болот (жасоого болбойт)
«Амурские волны» тажрыйбасы, кемчиликтери жана ийгиликтери"

СПИКЕР: Александр Уржанов

МОДЕРАТОРУ: Азиза Раимбердиева

УБАКЫТЫ: 15:00 - 16:30 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "Ар кыл платформалар үчүн контентти кайра таңгактоо."

СПИКЕР: Арсений Ашомко

МОДЕРАТОРУ: Азим Азимов



УБАКЫТЫ: 16:45 - 18:00 (GMT+6 Бишкек)

ПАНЕЛДИК ТАЛКУУЛОО: "Социалдык блогерлик: пандемия шартында аудитория алдындагы жоопкерчилик."

СПИКЕРЫ: Асхат Табалдиев, Илим Карыпбеков, Оксана Крюкова, Рахат Асангулова, Урмат Насыкулов

МОДЕРАТОРУ: Азим Азимов

УБАКЫТЫ: 15:00 - 16:30 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "Угуучулар үчүн кызыктуу подкастты кандайча жүргүзүүгө болот."

СПИКЕР: Дмитрий Голубовский

МОДЕРАТОРУ: Азат Рузиев



УБАКЫТЫ: 16:45 - 18:00 (GMT+6 Бишкек)

ПРЕЗЕНТАЦИЯ: "Өзгөчө абал учурунда жарнак агымдары кандайча өзгөрөт."

СПИКЕР: Александр Шкаровский

МОДЕРАТОРУ: Никита Колесников

timer

КАТТОО ЖАБЫК

  • :

    КҮН

  • СААТ

  • МҮНӨТ

  • СЕКУНДА

СПИКЕРЛЕР
ПАНДЕМИЯ КАПТАГАН ДҮЙНӨДӨ
БИЗ:

- медиа чөйрөнүн кесипкөй адистери менен биргеликте жол табуу үчүн

- жана да бардык форматтагы ММКлардын жаңы шарттарга ылайыкташуусунда колдоо көрсөтүү үчүн

- онлайн форматта форум өткөрүп жатабыз

КАТЫШУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЕРЕК?

- СМАРТФОН, НОУТБУК ЖЕ ЖЕКЕ КОМПЬЮТЕР
- САПАТТУУ ИНТЕРНЕТ ТУТАШУУСУ
- ZOOM ПРОГРАММАСЫН ЖҮКТӨП, ОРНОТУУ
- АР БИР СЕССИЯГА АЛДЫН АЛА КАТТАЛУУ
- ZOOM боюнча техникалык колдонмо орус тилинде гана жеткиликтүү!

ZOOM ЖҮКТӨӨ
zoom
Техникалык көрсөтмө ЖҮКТӨӨ
document
Онлайн «MEDIA TOPTOO – 2020»-га кандайча катышууга болот

- онлайн каттоодон өтүп алгыла;

- каттоо 22-апрелде саат 12:00дө Бишкек убактысы менен жабылат;

- тандоодон өткөндөр 23-апрель күнү каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегине билдирүү алышат;

- форум күндөрү, 25 тартып 29-апрелге чейин күнүнө эртең менен почтаңызга сиз каттоо формасында белгилеген сессияларга чакыруу жөнөтүлөт;

- билдирүү-чакыруудан сессияга уникалдуу шилтемени, кирүү кодун жана сырсөзүн, ошондой эле ZOOM платформасы боюнча нускаманы табасыз;

- онлайн-форумду ар кыл себептерден улам өткөрүп жиберген катышуучуларга Facebook тармагындагы Internews in Kyrgyzstan баракчасында түз көрсөтүү жеткиликтүү болот;

- бардык чыгып сүйлөгөн сөздөрдүн видеожазуулары кыргызча титрлери менен форумдан кийин «Презентациялар» бөлүмүндө жана КРдагы Интерньюстун Youtube-каналында жеткиликтүү болот.

«УМТУЛУУ» СЫНАГЫ

Интерньюс тарабынан уюштурулган Кыргызстандын кесипкөй журналистика
жаатындагы ар жылдык сынак.

«Умтулуу-2020» номинациялары:

  1. Бийлик жана коом.

  2. Балалыкты коргоо.

  3. Тынчтык жана ынтымак.

  4. Маданият жана агартуу.

  5. Кол кабыш кылуу убакыты.

  6. Аракеттеги адам.

  7. Адам укугун коргоо темасына берилгендигин кесиптештери тарабынан колдоосу
    (сынактын атайы номинациясы).

Бул жылы КРдеги Интерньюстун Өкүлчүлүгү кыргызстандык журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн «Таиржан Турсуналиевдин атындагы атайын сыйлыкты» негиздеди.


"Умтулуу-2020" Улуттук сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи
COVID19 боюнча карантин бүткөндөн кийин өткөрүлөт.
Убакыты жана өткөрүлө турган жери туурасында кошумча маалымдайбыз.

БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР
МААЛЫМАТ ӨНӨКТӨШТӨР
ФОРУМГА КАТЫШУУ ҮЧҮН MENTIMETER ТИРКЕМЕСИН ЖҮКТӨП АЛЫҢЫЗДАР.
ИНТЕРАКТИВДҮҮ СЕССИЯЛАРДЫН БОЛУШУ КҮТҮЛӨТ!